Жаңылыктар
ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экени тастыкталды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экени тастыкталды

Казакстандын тышкы иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине нота жиберди. Анда 1981-жылы туулган Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экени айтылат. Катты тышкы иштер министрлиги алганын мекеменин маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев тастыктады. 

Анын айтуусунда, Асылбек уулунун казак жараны экенин тастыктаган документ андан ары териштирүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына берилди. Эске салсак, 15-16-февраль күндөрү Казакстандын күч органдары жүргүзгөн операциянын алкагында кармалган адамдардын арасында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Дамирбек Асылбек уулу дагы болгон. Бир катар ЖМКлар депутаттын кош жарандыгы бар экенин жазып чыккан.