Кара-Суу районунда тамакка уулангандан кийин ооруканага түшкөндөрдүн арасынан 2 жаш 2 айлык наристе каза болду. Ал кечээ, 21-февралда кечинде көз жумган. Бул маалыматты балдар ооруканасынан тастыкташты.
Аны менен бирге ооруканага түшкөн 2,5 жаштагы наристе 17-февралда каза болгону маалымдалган эле. Башка жабырлануучулар учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.
Кара-Суу райондук аймактык ооруканасынын маалыматы боюнча, 12-февраль күнү ооруканага 7 адам жеткирилип, андан кийин 10 адам кайрылган болчу. Тамак-ашка уулангандар ошол күнү бирге тамактанышкан.
«Уулангандар абысындар болгон. Ошол күнү алар чогулуп, чогуу тамактанып, өрүк шербетин ичишкен. Кийинчерээк баарынын абалы оорлоп, ооруканага кайрылышты. Тиешелүү текшерүүдөн кийин тамактан уулануу (ботулизм) болгон деп тыянак чыгарылды», - деп айтылат оорукананын билдирүүсүндө.