Жаңылыктар
Кыргыз-чех алакасынын тарыхы
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-чех алакасынын тарыхы

Кыргызстанга алгачкы жолу расмий сапар менен келген Чехия парламентинин өкүлдөрү бүгүн "Интергельпо" чех кооперативинин негизделгендигинин 90 жылдыгына арналган көргөзмөгө катышты. 

Көргөзмө “Адам кыялындагы миссионерлер” деп аталып, ал мамлекеттик тарых музейинде орун алды. Иш чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек баштаган делегация күбө болду. 

Өз кезегинде Чехия парламентинин төрагасы Ян Гамачек чехтер менен словактардын Кыргызстандын тарыхындагы орду менен сыймыктанаарын айтты.

Тараптар көргөзмөнү тарыхый окуя катары баалап, кыргыз-чех кызматташтыгын арттырууга өбөлгө болоорун баса белгиледи. Чехиялык делегациянын эки күндүк сапары бүгүн жыйынтыкталды. Кененирээк Альбина Сулайманованын материалында: