Жаңылыктар
Мамлекеттик ишканалардын абалы кандай?
Айыл чарба
Мамлекеттик ишканалардын абалы кандай?

Малдын асыл тукумдуулугун арттыруу багытында иш алып барган “Элита” мамлекеттик ишканасы каражатка муктаж. Анда иштеген саналуу жумушчу эмгек акыларын бир нече айдан бери ала элек. Ошентсе да ишкана мал чарбачылыгы менен алектенген тараптар менен кызматташып, эт, сүт өндүрүүнү арттырууга аракет көрүүдө. 

“Элита” станциясы учурда төрт ири чарба менен кызматташууда. Ошондой эле республиканын жер-жерлеринде атайын пункттары бар. Өнөктөштөрү үчүн пайдалуу кызмат көрсөтүп жатканы менен ишкана өзү киреше көрө элек. Өзүн өзү каржылоо ыкмасы натыйжа берген жок. Мамлекеттин колдоосуна муктаж.

Мамлекеттик чарбанын 10 миллион сомго жакын карызы бар. Бул бериле элек эмгек акылар менен электр энергиясына болгон бересеси. Ошентсе да чарбаны өнүктүрүү максатында долбоор даярдалып, эл аралык уюмдарга сунушталган.