Жаңылыктар
Ысык-Көл: ач карышкырлар үйгө чейин кирип барып, коркунуч жаратууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл: ач карышкырлар үйгө чейин кирип барып, коркунуч жаратууда

Ысык-Көл облусундагы Кыргызстан менен Казакстан чектешкен чек арага чейинки эл аралык жол каттамына эки метрге жакын кар түштү. Жолчулардын айтымында февраль айынын 14нөн бери тынбай жааган кар азыр да токтой элек. Мындан улам жол тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.


Себеби чек арага жакын эки жүзгө жакын түтүн эл жашайт. Буга кошумча чек арачылар да бар. Айыл элинин билдирүүсүндө көбүнчө түйшүктү жааган кар эмес, мал мүлккө кол салып жаткан карышкырлар коркунуч жаратууда. Жергиликтүү элдин билдиришинче мергенчилер барбагандыктан ач карышкыр үйлөргө чейин кирип жатат дешет. 


Кумайык менен жолборстун аттары бир тайлык болуп угулганы менен үй иттери ач карышкырга катылмак турсун, жакын баргандан коркот. Ушинтип калың кардан кыйналган ач карышкыр айласы кеткенде Түп районундагы Каркыра айылынын тургундарынын үйүнө чейин кирип келип атат.

Атып жок кылып, же болбосо сүр көрсөтөйүн десе айылда бир да мылтык жок. Жыл башынан бери Каркыралыктар бир нече бодо малын алдырып жиберип кейип жаткан учуру.