Жаңылыктар
Көчмөндөр оюнуна даярдык кызуу жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Көчмөндөр оюнуна даярдык кызуу жүрүп жатат

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдык кызуу жүрүп жатат. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында реконструкцияланып жаткан ат майданды толугу менен эл аралык талапка ылайык келтирүү максатында бүгүн француз компаниясы менен Кыргызстан келишимге кол койду. 

Ага ылайык, Франциянын “Gregori International” компаниясы өз технологиясын өлкөдөгү маанилүү окуя үчүн жумшамай болду. Келишимге ылайык, иштер толугу менен 10-августта бүткөрүлөт.