Жаңылыктар
Малдын асыл тукумдуулугун арттыруу багытында иш алып барган ишкананын абалы
Айыл чарба
Малдын асыл тукумдуулугун арттыруу багытында иш алып барган ишкананын абалы

Малдын асыл тукумдуулугун арттыруу багытында иш алып барган “Элита” мамлекеттик ишканасы, фермерлердин сандан сапатка өтө турган учуру небак келгендигин баса белгилөөдө. Анда иштеген саналуу жумушчу эмгек акыларын бир нече айдан бери ала элек. Ошентсе да ишкана мал чарбачылыгы менен алектенген тараптар менен кызматташып, эт, сүт өндүрүүнү арттырууга аракет көрүүдө. 


Мынча көп сандагы уйду саап туруу үчүн ашыкча жумушчу күчү талап кылынбайт. Түзүлгөн шарт саналуу саанчылардын ишин жеңилдетүүдө. Ишкана сүттү көп өндүрүү максатында асыл тукумдарга маани берип жатканы бекеринен эмес. Биз баш баккан чарба мамлекеттин карамагындагы “Элита” ишканасынын кызматын пайдаланат. Андагы АКШдан алып келинген асыл тукум малдын уруктарын жалпы республикага таратууга аракет көрүлүүдө.


Станцияда жасалма уруктандырууну ишке ашыруу үчүн бардык шарт түзүлгөн. Лабораториядагы жабдуулар ишканага АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин колдоосу менен алынган. Малдын асылдуулугун арттыруу канчалык пайдалуу экенине карабай фермерлер ага маани бербей жатышат.


“Элита” станциясы учурда төрт ири чарба менен кызматташууда. Ошондой эле республиканын жер-жерлеринде атайын пункттары бар. Өнөктөштөрү үчүн пайдалуу кызмат көрсөтүп жатканы менен ишкана өзү киреше көрө элек. Өзүн өзү каржылоо ыкмасы натыйжа берген жок. Мамлекеттин колдоосуна муктаж.