Жаңылыктар
Аянычтуу абалдагы өлкөдөгү жападан жалгыз дыйканчылык институту
Айыл чарба
Аянычтуу абалдагы өлкөдөгү жападан жалгыз дыйканчылык институту

Өлкөдөгү жападан жалгыз дыйканчылык институту аянычтуу абалда. Чейрек кылымдан ашык убакыт мурун түптөлгөн тармакта айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорту иштелип чыгып, топурактын асылдуулугун жогорулатуу жана башка көптөгөн илимий иштер аткарылчу. 


Союз доорунда илимий база чыңдалып, мыкты шарттар каралган болчу. Азыр бул тармак аксап, замандан артта калган. Институттагы жаралган жагдай жетекчилик алмашканда ачыкка чыгып отурат. 


Институтту өткөрүп алган жетекчилик чарбасын карай келгенде көптөгөн кемчиликтер аныкталган. Алардын бири катары атом согушунан калгандай элес калтырган лабораторияны айтсак болот. Кароосуз калган имарат такыр эле керектен чыккан.


Бул институтка таандык гараж, ичиндеги илимий изилдөөгө керектелчү техникалар таланып жок болгон. Адистер жаралган жагдайдан улам илимий иштерди алып баруу тууралуу ойлоп дагы кереги жок деп билдирди. Алар азыр айласы кетип, ар тараптан колдоо издеп жаткан учуру.

Институт 1956-жылы түзүлүп, курамына илимий эксперименттик чарба, 4 тажрыйба станциялары жана чарбалары, 13 илимий бөлүмү жана лабораториялар кирет. Бирок азыркы күндө алардын баары толук эмес, менчикке өтүп кеткендери бар. Мисалы, жанаша орун алган лабораториянын ордун супермаркет ээлейт. Ал эми 2 гектар аянты бар күнөсканада көп кабаттуу үй курулууда. Жалпысынан алганда институт көп нерседен кол жууган.