Жаңылыктар
С.Жээнбеков экономикалык кылмыштарга каршы чаралар жетишсиз болуп жатканын белгиледи
Коррупция
С.Жээнбеков экономикалык кылмыштарга каршы чаралар жетишсиз болуп жатканын белгиледи

Экономикалык, кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды сапаттуу иликтеп, мамлекеттик тармактагы коррупциялык схемаларды жоюуга өзгөчө көңүл буруу керек. Бул жумушту аткарууда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын ролу чоң. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков аталган кызматтын жетекчиси Замирбек Осмоновду кабыл алган учурда айтты. Жолугушууда коопсуздук кеңешинин чечиминде белгиленген паракорчулукка каршы чаралар жана тапшырмалар талкууланды.



Экономикалык жана коррупциялык кылмыштарды иликтей турган финансы полициясы тарабынан 2016-2017-жылдары 3807 кылмыш иши козголгон. Бирок алардын 23 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн. Ар бир 5 иштин дээрлик төртөө сотко жиберилген эмес. Козголгон кылмыш иштеринин 10 пайызы боюнча гана айыпталуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Сотко жөнөтүлгөн иштердин 27 пайызы боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Болгону 41 кылмыш иши боюнча эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.


Каржы полициясынын негизги милдети экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү болгондуктан, көбүнесе ишкер чөйрөнүн кыймыл аракетине көз салат. Акыркы кезде кылмыш иштеринин көбү ишкерлерге кысым жасоо максатында козголуп, ошол эле учурда бизнестин таза иштебеген өкүлдөрүн мыйзамсыз аракеттерин жаап жашыруу фактылары көбөйгөн. Адистер мамлекеттик органдар менен бизнес чөйрө эриш-аркак иштеши керек деп эсептешет.


Мамлекет башчысы маселени Каржы полициясынын төрагасы менен талкуулап, талдоо көрсөткөндөй экономикалык кылмыштарга каршы аракеттенүү жаатында чаралар жетишсиз болуп жатканын белгиледи. Айтымында, каржы полициясынын контрафакт спирт ичимдиктерин өндүрүү жана сатуу, жашырынып иштеген кумар оюндар жайларын аныктоо, аймактарда күйүүчү майларды аткезчилик жолу менен ташуу фактыларын алдын алуу боюнча жумушу жетишсиз, бул багыттагы ишти күчөтүүнү талап кылды.