Жаңылыктар
Бир катар аткаминерлер эскертүү алышты
Саясат
Бир катар аткаминерлер эскертүү алышты

Өкмөттүн жыйынында дагы коррупция маселеси кабыргасынан коюлуп, анда өлкөнүн коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын жеткиликтүү аткарбагандыктан айрым министрлик жана мекемелердин жетекчилерине алардын орун басарларына жана статс-катчыларына сөгүш жарыялоо сунушу берилди. Ал гана эмес айрым аткаминерлерди жумуштан алуу боюнча сунуштама берилмей болду.


2015-2017-жылдарга Кыргызстандын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын алдына коюлган тапшырмалар Өкмөттүн токтому менен 2015-жылы бекитилген. Дайыр Кенекеев бул аралыкта министрлик мекемелер тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү, анын алдын алуу багытында олуттуу жумуштар аткарылганын билдирди. Жемкорлуктун тобокелчиликтери да аныкталган. Бирок, мамлекеттик органдар тарабынан көрүлгөн аракеттер дагы деле жетишсиз болуп жатат-деди Вице-премьер-министр.

Планда коррупцияга каршы иш-чараларды турмушка ашыра турган тапшырмалар начар аткарылган. Жарым жартылай аткарылганы олутту натыйжа бере алган жок. Дайыр Кенекеев анын себептери да бар экенин белгилегени менен министрлик, мекемелердин тапшырмаларды жеткиликтүү деңгээлде аткарбаганы мамлекеттин коррупция менен күрөшүүдөгү ишине кедергисин тийгизип жатат-деди. 

Планды аткаруу мөөнөтү былтыркы жылдын декабрь айында аяктаган. Ошенткен менен андагы айрым тапшырмалар азыр да туруктуу негизде ишке ашырылып келет. Мындан улам айрым аткаминерлерге сөгүш жарыялоо сунушу берилди.