23-февраль - Мекенди коргоочулар күнү. Майрамга карата Кыргызстанда дем алыш жарыяланган.
Совет доорунда 23-февраль - ак падышаны кулатып, Орусияга большевиктер бийликке келгенден кийин, алардын негизги аскердик түзүмү - Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген.
Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл күн катары белгилене баштаган.