Жаңылыктар
Туруктуулук - өнүгүүнүн негизи
Кыргызстан жаңылыктары
Туруктуулук - өнүгүүнүн негизи

Парламенттин бүгүнкү жыйынында КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев айрым оппозиционерлердин ар кандай нааразычылык акцияларына кылмыш жоопкерчилигине тартылгандарды алып чыгуу боюнча билдирүүсү - элди беймаза кылып, башаламандыкты орнотушу мүмкүн деп билдирди. Эл өкүлү митингдер мыйзам чегинде өтүүсү керек экенин айтты. 

Эске салсак, 14-мартта Жалал-Абадда 100гө жакын адамдын катышуусунда митинг өткөн. Алардын башында облустун мурунку губернатору, азыркы тапта оппозициялык саясатчы Бектур Асанов турган. Ал митинг 24-мартта Ош шаарында уланаарын билдирген. Маалым болгондой, иш-чарага кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар да катышаары айтылууда.