Жаңылыктар
Анттын жашообуздагы ролу
Кыргызстан жаңылыктары
Анттын жашообуздагы ролу

Мамлекеттин жана коомдун коопсуздугун сактап, Ата Журтка ак ниеттен таза жана жоопкерчиликтүү кызмат кылууга ар бир жаран милдеттүү. 

Бардыгына маалым болгондой жаңы ишке киришип же аскердик кызмат өтөөгө киришкени жатканда эл алдында ант берилип келет. Анын азыркы учурда ойногон ролу, мааниси кандай?

Ант - ар бир улуу максаттын алдында жоопкерчиликтүү болуп, сөзгө, ишке, шертке бекем туруу убадасы. Ар бир жигит үчүн ант берүү сыймык жана ардактуу. Мекен алдында татыктуу, таза жана адилеттүү кызмат кылам деп чын дилден убада берүүнүн өзү чоң -жоопкерчилик. Мындай мүмкүнчүлүк бардык жигиттерге эле келе бербейт.

Мыйзам боюнча антты бузган адам эч кандай жоопко тартылбайт. Бирок андай адам жөн калбайт, анын жазасын бардыгын асмандан көрүп-билип турган көкө теңир берет деген түшүнүк бар. Анткен менен эл тараза, эл сынчы демекчи убадасынан тайып, сөзүнө жооп бере албаган адамдын калк арасында кадыр баркы төмөндөп, айрым учурда элден чыгып да калат.