Жаңылыктар
Бүгүн тарыхчы жана агартуучу Белек Солтоноевдин туулган күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн тарыхчы жана агартуучу Белек Солтоноевдин туулган күнү

Бүгүн тарыхчы жана агартуучу Белек Солтоноевдин туулган күнү. Айрым булактарда ал 1878-жылы дал ушул күнү жарык дүйнөгө келгени айтылат. Солтоноевдин эмгектери кыргыз элинин тарыхын изилдөөдөгү баа жеткис мурас. 

Советтик доордо элдин туташ сабатсыздыгын жоюуга да салым кошкон. Бирок ага карабай репрессиянын курмандыгына айланган.

Белек Солтоноевдин алтымыш жылдык өмүр жолун изилдегендер арбын. Манаптардын тукумунан эмес, жакыр үй-бүлөдө өскөнүнө карабай ал эл башкарууга жетишип, болуш болгон. 

Үркүндө элдин башында туруп, орус падышасына каршы өз уруусун жетектеген. Советтик доордо болсо элдин сабатсыздыгын жоюга да салым кошту. Бирок баарынан да анын баскан жолунда тарыхчы катары калтырган изи алтын тамгалар менен жазылып калды. 

Эки китептен турган “Кызыл кыргыз тарыхы” эмгегинде 14-кылымдан Ормон хандын учуруна чейинки кыргыздардын жашоо турмушу, урунттуу учурлар камтылган. Алгачкы жолу кыргыздарга тиешелүү маалыматтарга илимий жол менен анализ жасалган.