Жаңылыктар
Кыргызстанда футзал боюнча айымдардын командасы түзүлөт
Спорт
Кыргызстанда футзал боюнча айымдардын командасы түзүлөт

Кыргызстанда футзал боюнча кыз-келиндердин улуттук курама командасы түзүлөт. Буга арналып аталган спорттун түрү боюнча өлкө чемпионаты уюштурулду. Ага 8 команда катышып, 15 жаштан өйдөкү кыздар ойношту. 23-февралда финалдык беттеш өтүп, кубокту Чүй облусунун РСДЮШОР командасы куржунуна салып кетти.

Финалга Чүй менен Ысык-Көл облусунун командалары чыгып, күчтүү тирешүүлөр болду. Жеңишке жетүү үчүн машыктыруучулар эмоциясын жашыра албай катуу иштеп жатышты. Жыйынтыгында 3:1 эсебинде кубокту жергиликтүү команда жеңип кетти.

Биринчи орунду Чүйдүн “РСДЮШОР” командасы, экинчини “Каракол”, үчүнчүнү Оштун “Южанка” командасы жеңсе, акыркы орунга Бишкектик "ДЮШОР СИ" командасы ээ болду. Чемпионаттын соңунда оюнчулар атайын кубок, медалдар менен сыйланды.