Жаңылыктар
Бишкекте өрт учурунда 5-кабаттан секирген өспүрүм көз жумду
Кырсык
Бишкекте өрт учурунда 5-кабаттан секирген өспүрүм көз жумду

Ордо калаада өрттөн качам деп 5-кабаттан секирип кеткен 14 жаштагы өспүрүм ооруканада көз жумду. ӨКМдин маалыматында, Бишкектин Түгөлбай-Ата жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен бир батирдин ашканасы менен кире бериши күйүп кеткен. 

Анда жашаган өспүрүм тилсиз жоодон качам деп секирип кетип, оор абалда №3 балдар клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Көп узабай өспүрүм оор жаракаттарынан улам көз жумган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт электр жабдууларын колдонууда техникалык эрежелерди сактабагандыктан чыккан.