Жаңылыктар
КТРКда “Ыр кеседе - ыр күлкү” деп аталган жаңы долбоор эшигин ачты
Маданият
КТРКда  “Ыр кеседе - ыр күлкү” деп аталган жаңы долбоор эшигин ачты

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Маданият, тарых, тил каналы “Ыр кеседе - ыр күлкү” деп аталган жаңы долбоорду баштап, 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата анын алгачкы программасы көрсөтүлдү. Эми ресторанга келген коноктор телеберүүнүн катышуучусу болуп, концерттик берүүлөр түз эфирде кантип тартыларына күбө боло алышат.

Түз эфир башталаарына эки сааттай убакыт калды. Даярдык иштери кызуу жүрүп, мыкты уюштурууга болгон аракет көрүлүүдө. Бул долбоор улуттук маданиятка, фольклорго жана этно стилге басым жасагандыктан жайдын ичи ошол талапка жооп бергидей көркөмдөлгөн. 

Долбоорго төкмөлөр, куудулдар, ырчы чоорчулар жана комузчулар чакырылган. Өнөр адамдары өз ордуларына жайгашып, эл суранган чыгарманы аткарабыз деп камданып жатышат. 

Бир, эки, үч эфир башталды. Концерттик программа КТРК менен “Маданият, тарых, тил” каналдарында түз ободо көрсөтүлдү. 

Капыстан келген конокторго телеберүүгө катышып, түз обого чыгуу, болгондо да өнөр адамдары менен бирге чыгуу жагымдуу белек болду. Отуруш жагып, таасирленген катышуучулар колдоп коштоп, жакшы маанайда отурушту. 

Эл менен өнөр адамдарына көпүрө болгон “Ыр кеседе - ыр күлкү” долбоору убакыт өткөн сайын дагы сапаты жакшырып толукталып турат. 

Эми ар бир аптанын жума күндөрү кечки саат 19:45те башталып, бир жарым саатка созулган бул программа КТРКнын биринчи каналы менен Маданият, тарых, тил каналы аркылуу түз ободо көрсөтүлүп турмакчы.