Жаңылыктар
Ирактын үч жараны Кыргызстандан баш паанек сурашууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ирактын үч  жараны  Кыргызстандан  баш  паанек сурашууда

Ирак Республикасынын үч  жараны  Кыргызстандан  баш  паанек сурашууда. Алардын экөөнүн  атасы  бул жакта  13 жылдан бери  жогорку  окуу жайлардын  биринде  иштеп келет. Уул-кызы  атасынын  жанында  калууну көздөшүүдө.  Үчүнчү  жаран  Абдысамат Салихкадирдин айтуусунда,  өлкө  аймагына  келгендигине бир жыл болду. Ирактагы согуш аракеттерден ал жакта  жашоого  болбой, тынч турмушту  издеп Кыргызстанга келген.

А.Салихкадир:Менин  бул жакка келгендигиме бир жыл болуп калды. Иракта  согуштук   аракеттер болуп жатат,  абал жакшы  эмес. Биз качкындарбыз. Ал жакта иштөөгө, жай туртушту  кечирүүгө   болбой калды.  Бизге тынч жашоо  керек. Кыргызстанга  келгендигимдин  себеби бул жак  менен  Иракты салыштырууга болбойт. Тынч  экен бул жерде.

 Ирактык   үч жаран  боюнча  бүгүнкү  күндө  пикир алышуу  жүрүп,  алардын келгендеги максаты  тиешелүү  кызматтар тарабынан   иликтенип   жатат.  “Буга чейин  баш паанек сураган ирактыктар  болгон эмес”- дейт  мамлекеттик  миграциялык кызматтын  качкындар менен  иштөө бөлүмүнүн  башчысы  Чыңгыз  Сарыбаев. Анын айтуусунда,  качкын статусу  согуш жүрүп жаткан аймактардан   качып  келген  адамдарга  берилет жана  ал жакта  согуш  бүткөнгө  чейин  алардан  качкын статусу  алынбайт.

Мамлекеттик миграциялык  кызматтын  качкындар менен  иштөө бөлүмүнүн  башчысы  Чыңгыз  Сарыбаев  азыркы тапта  Кыргызстанда  Сирияда согуш баштала электе  бул жакта иштеп, окуп, согуш башталган  мезгилден  тартып  өлкө аймагында  кала  берген  сириялык  Ооганстандык, Украиналык 171   качкындар  жашап келгендигин  кошумчалап кетти.

 Г.Каражанова, Биринчи радио