Жаңылыктар
Кичи Памирден Нарын облусуна дагы 2 этникалык үй бүлө келди
Кыргызстан жаңылыктары
Кичи Памирден Нарын облусуна дагы 2 этникалык үй бүлө келди

Кичи Памирден Нарын облусуна дагы 2 этникалык үй-бүлө келди. Алар Нарын облустук ооруканада текшерилип, Кочкор районуна жөнөтүлгөн. 

Аларды жергиликтүү бийлик тосуп алып, Кара-Тоо айылындагы лицейдин жатаканасына жайгаштырган. 

Ал эми Кичи Памирден буга чейин келген 30га чукул этникалык кыргыздар Куланак айылында бул жактагы жашоого ыңгайлашып, турукташууда. Эми алар кыргыз тилинде жазууну үйрөнүп жатышат.