Жаңылыктар
Борбордо классикалык музыканын кечеси өттү
Маданият
Борбордо классикалык музыканын кечеси өттү

Бишкекте Асанкан Жумакматов атындагы кыргыз академиялык симфониялык оркестринин кезектеги концерти өттү. Иш-чарада дүйнөлүк композиторлордун белгилүү чыгармалары жаңырды. Уюштуруучулардын айтымында, акыркы учурда классикалык музыканы сүйүүчүлөрдүн саны көбөйүп барат. 


Мындай иш-чаралар сейрек уюштурулат. Ошондой болсо да, классикалык музыка майрамына көп көрүүчү келди. Асанкан Жумакматов атындагы кыргыз академиялык симфониялык оркестри дүйнөнү дүңгүрөткөн чыгармаларды ойноп, мында келгендерге демдүү эс алуу тартуулады. 

Оркестр атактуу Жорж Бизе, Моцарт, Жорж Гершвиндин чыгармаларын ийинине жеткире аткарды. Классикага айланган ар бир музыкалык чыгарманын өз тарыхы бар. Оркестрдин курамындагы 70 ашык музыкант дүйнөлүк классикадагы 10 ашык чыгармаларды аткарышты. 

Уюштуруучулардын айтымында, мындай форматтагы концерттер эми байма-бай өтүп турмакчы. Анткени, бара-бара классикалык чыгармалардын күйөрмандары көбөйүп баратат.