Жаңылыктар
Жалал-Абадда бир жумада мас абалда унаа башкарган 52 айдоочу кармалды
Кырсык
Жалал-Абадда бир жумада мас абалда унаа башкарган 52 айдоочу кармалды

Жалал-Абад облусунда бир жуманын ичинде мас абалда унаа башкарган 52 айдоочу кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт жана пропаганда боюнча тескөөчүсү А.Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад ОИИБдин аталган бөлүмүнүн өздүк курамы тарабынан 19-25-февраль күндөрү жол кыймылынын эрежесин бузган 2053 айдоочу административдик жоопкерчиликке тартылды.

Рейддин жүрүшүндө унааны мас абалда башкарган 52 айдоочу, алдыңкы эшигин караңгылатып алган 5 айдоочу, унааны катуу ылдамдыкта башкарган 473 айдоочу, унааны уруксат берилбеген жерге токтоткон 217 айдоочу, мамлекеттик номурду өз алдынча алып салган 7 айдоочу, жол чыракка баш ийбеген 19 айдоочу, тиешелүү документтери жок 69 айдоочуга айып салынды. Ошондой эле, башка эреже бузуулар боюнча 1 миң 211 протокол түзүлдү.

Жол кыймылынын эрежесин бузган 125 унаа айып төлөөчү жайга токтотулду.