Жаңылыктар
Таласта киши бычактоого шектелген жаран кармалды
Кылмыш
Таласта киши бычактоого шектелген жаран кармалды

Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы 35 жаштагы машыктыруучуну бычактоого шектелген жубайлардын күйөөсү камакка алынды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган адам 1987-жылы туулган. Бул факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренеси менен кылмыш иш козголду. Учурда анын аялынын бул кылмышка канчалык тиешеси бар экендиги такталып жаткандыктан ал камака алына элек.

Ал эми, өздүк булактардын алдын ала маалыматтарына караганда, машыктыруучуну бычактоого кызганыч себеп болгон.