Жаңылыктар
Маршруттук унаалардын айдоочуларынын жоопкерчилиги күчөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Маршруттук унаалардын айдоочуларынын жоопкерчилиги күчөтүлдү

Мындан ары жол кырсыгына кабылган маршруттук автобустардын айдоочулары менен иш келишими токтотулат. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөт кабарлады.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгына кабылып, адам өмүрүнө зыян келсе же үчтөн ашык адам оор жаракат алса, андай айдоочу менен дароо иш келишими токтотулат. 

Мындай чара эл ташыган автобустар катышкан жол кырсыктары көбөйгөнүнөн улам иштелип чыкты. Расмий маалыматка караганда, былтыр өлкөдө 6 миң 346 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2016-жылга салыштырмалуу 478ге көп. 

Буга чейин Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, жол эрежесин бузгандардын жазасы күчөтүлгөн. Ага ылайык, айдоочу эреже бузуп, жабырлануучунун саламаттыгына анча оор эмес зыян келтирсе, ал үч жылга чейинки мөөнөткө автоунаа башкаруу укугунан ажыратылат же үч эсе айыпка жыгылат же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.