Жаңылыктар
Ошто көз жумган индиялык студенттин сөөгү мекенине жеткирилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто көз жумган индиялык студенттин сөөгү мекенине жеткирилди

Ош шаарында каза болгон индиялык студенттин сөөгү кечээ, 25-февралда мекенине жеткирилди.

Ош МУнун Эл аралык медициналык факультетинин 6-курсунун студенти Сураб Тивари (Sourabh Tiwari) 22-февралда оорудан улам каза болгон. Сөөк Кыргызстандан 24-февралда жөнөтүлгөнүн ОшМУдан кабарлашты.

Сөөктү жеткирүүгө индиялык студенттердин коомдук бирикмесинин төрагасы да кошо жөнөтүлгөн.