Жаңылыктар
Онкология борборуна жаңы жабдуу тапшырылды
Ден соолук
Онкология борборуна жаңы жабдуу тапшырылды

Улуттук онкология жана гематология борборуна Индия мамлекети тарабынан нур терапиясы үчүн “Бабатрон 2” жаңы медициналык жабдуусу тапшырылды. 

Бул иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков, Кыргызстандагы Индиянын элчиси Лакшманан Савирси айым жана саламаттык сактоо министри баштаган борбордун жамааты катышты. 

Өкмөт башчы тилекке каршы шишик оорулары өлкөдө көзөмөлдү талап кылган өтө олуттуу маселе болуп жатканын айтып, мамлекет бул дартка кабылган бейтаптарды натыйжалуу дарылоо үчүн бардык шартты түзүп бериши керек экендигин белгиледи. 

Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнист Тилеков шишик дарты менен жабыркагандардын 80 пайызы нур терапиясына муктаж экенин, бул кеминде 2 миң бейтапты түзөрүн ырастады.