Жаңылыктар
“Өзбекстан - Кыргызстан - Кытай” транспорттук коридору аркылуу жүк ташууларга жол ачылды
Чек ара
“Өзбекстан - Кыргызстан - Кытай” транспорттук коридору аркылуу жүк ташууларга жол ачылды

Соода демекчи, эми кыргыз товарларын экспорттоого чоң мүмкүнчүлүк ачылды. Тагыраак айтканда, "Өзбекстан - Кыргызстан - Кытай” транспорттук коридору аркылуу жүк ташууларга жол ачылды. Экспорттолуучу товарлар "Ташкент - Анжиян - Ош - Эркеч-Там - Кашкар" багыты аркылуу ташылат. Буга чейин өзбек ишикерлери Кашкарга жүктөрүн Казакстанды аралап өтүү менен 8-10 күндө жеткирип келсе, эми Кыргызстан аркылуу эки күндө эле алып өтүшөт.

Транспорт жана жолдор министрлиги жаңы коридордун маанисин Кыргызстандын транзиттик мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга байланыштырат. Былтыр сыноо иретинде 30-октябрда үч өлкөнүн тогуз унаасы аталган каттам аркылуу жүрүш жасаган.

Кыргызстандык ишкерлер Кашкарга буга чейин эле товар жеткирип келишкен. Эми жүк ташуучу ишканалардын өзбек ишкерлери менен кызматташтыгы жанданат.

Дал ушул транспорттук каттамга Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга жасаган иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан жогору баа берилген. Жыл аягына чейин аталган каттам аркылуу эки тарапка 100 миң тонна жүк ташылаары күтүлүүдө. Кытайга текстиль, булгаары жана айыл чарба продукциялары жөнөтүлсө, Өзбекстанга Кытайдан электроника, машина курууга керек болгон жабдуулар алып келинет.