Жаңылыктар
Казакстандагы балдар кийимдерине лабораториялык текшерүү жүргүзүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстандагы балдар кийимдерине лабораториялык текшерүү жүргүзүлөт

Казакстанда кыргызстандан даярдалып кирген, балдар кийимдеринен формальдегид табылды деген маалымат боюнча Кыргызстан дагы бир жолу лабораториялык текшерүү жүргүзөт. Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан текстиль товарларынан уулуу заттар табыла электигин билдирди. Айта кетсек, Казакстандын Караганда шаардык санитардык кызматы дүкөндөрдө жана базарларда сатылган балдар кийимдеринде зыяндуу формальдегид затынын өлчөмү нормадан көп экенин аныктады деген маалыматтар казак маалымат каражаттарында жарыяланган. 

Өткөн аптада Казакстандын маалымат каражаттары Караганда облусунда Кыргызстанда тигилген балдар кийиминен уулуу заттар табылганы тууралуу кабарлап чыкты. Анда дүкөндөрдө жана базарларда сатылган балдар кийимдеринде зыяндуу формальдегид затынын өлчөмү нормадан көп экенинин аныкталганы айтылып, зыяндуу заттар табылган кийимдер Кыргызстандын өндүрүшүнөн чыккан деп жарыяланган.

Өлкөгө кирип жана чыгып жаткан кийимдерге карата кандайдыр бир даттануу түшсө, дароо бул лабороториядан текшерүүгө алынат. Анда ар бир кийим дыкат иликтенип, кездемеден баштап, колдонулган жиптер дагы текшерилет. Ушул кезге чейин Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан текстиль товарларынан бир да жолу уулуу заттар табылган эмес.

Айрым эксперттердин баамында Казакстанга тигилип барган балдар кийимдери Кыргызстандыкы болбой калышы да ыктымал. Анткени кичинекей балдардын кийимин чыгаруу бизде катуу көзөмөлгө алынат жана өлкөдөн сыртка тастыктамасыз чыгарылбайт. Казакстан жана Орусия менен 20 жылдан ашык убакыттан бери иштешип келген аралыкта кыргыз товарларына карата бир дагы даттануулар келген эмес.

Алмазбек Калимбетовдун базарда балдар кийимин сатып иштегенинине 10 жыл болду. Бул арада Казакстандан келген соодагерлер анын негизги кардарларынан болуп калган. Айрым учурда алар берген буйрутмаларын тигип үлгүрбөй калган мезгилдер болот. Азыр дагы дүңүнөн сатуучу күндөрү, кадимкидей кезек күткөндөр арбын.

Эл аралык саламаттык нормаларын Кыргызстан ЕАЭБке кире элек мезгилден тартып эле толук сактап келет. Ал эми бажы биримдигине киргенден бери жарандардын коопсуздугу биринчи орунда туруп, буга карата көзөмөл ого бетер күчөгөн. Буга бир эле мисал, бүгүн Дордойдо кадимки эле соода күнү болгонуна карабай, Казакстандык соодагерлер 20 га чукул автобустар менен келгенин айтсак болот.