Жаңылыктар
Бишкек шаарындагы жолдорду оңдоо иштери март айында башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарындагы жолдорду оңдоо иштери март айында башталат

Бишкек шаарындагы ортосу оюлган жолдорду оңдоо иштери март айында башталат. Жамоо иштерине шаардык бюджеттен 40 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми ички көчөлөргө капиталдык ремонт жасоого 695 миллион сом каралып, бирок шаар депутаттары аны азырынча беките элек. Ал арада айдоочулар жыртылган, авариялык абалга кириптер кылган жолдордо жүрүүгө аргасыз.  

Киргизия - Эски толчоктон ылдый кеткен көчө. Жолдун башынан аягына чейин ушундай абалда.

Щербаков көчөсү да былтыр кеч күздө пайдаланууга берилген. Жол кеңейип, тегиз, таза, арыгы, тратурары менен жасалган. Бир караганда маселе жоктой. Бирок жолдо басып көрсөңүз анын кемчиликтери даана көрүнөт.

Мыйзам боюнча жаңы салынган жолдун кепилдик мөөнөтү 2 жыл. Демек, Киргизия жана Щербаков көчөлөрү аны салгандар тарабынан оңдолушу керек.
Ал эми Баялинов көчөсү быйыл оңдолуучу жолдордун катарында деп ишендирди шаардык курулуш башкармалыгы.

Күндүн жылышы менен кытай өкмөтү бөлгөн гранттык каражатка былтыр башталган жол курулуштар уланат. Дагы 12 көчө реконструкцияланат. Ошондой эле борбордук негизги 38 чакырым 23 көчө реабилитацияланат.
Бишкек асфальт ишканасы быйылкы жылы шаардык бюджеттин каражатына дагы 52 чакырымга барабар 42 көчөнү оңдойбуз деп турат.

Баш калаада жыртылып, тешилген 50 миң чарчы метрден ашык көчө бар. Каражат тартыштыгынан аларда жамоо иштери жүрөт. Жамоого деп шаар бюджети жылына 40 миллион сом бөлөт.

Бирок шаардын айрым көчөлөрү жаңы эле оңдолуп пайдаланууга берилгенден кийин эле анын астынан өткөн турмуш-тиричиликке керектүү түтүктөргө ремонт жасалып, жаңы жолдун өзү да көркү да бузулган учурлар аз эмес.

Жол оңдоодо быйыл кытай грантынын экинчи фазасы башталат. Кепилдик мөөнөттүн 2 жылдан 5 жылга узартылышы жол салган ишканалардын жоопкерчилигин күчөтөт деп ишендирет адистер.