Жаңылыктар
Баткенде аймактарды өнүктүрүү долбоору кызуу жүрүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде аймактарды өнүктүрүү долбоору кызуу жүрүп жатат

Ушул жылдын алкагында Баткен облусу дагы жылдап чечилбей келе жаткан ондогон көйгөйлөрдөн арылышы керек. Алар калкты таза суу менен камсыз кылуудан тартып, ирригация, социалдык объектилердин курулушу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана кайра иштетүүчү өнөр жайга чейинки маселелер. Арийне бул бир гана дубандагы эмес, жалпы өлкө аймагынын район, шаарларына тиешелүү маселе болууда.

Сүйүналы Сапарбаев Баткен шаарынын четиндеги жаңы конушта жашап жатканына бир жылдан ашты. Ошондон бери негизги көйгөй- таза суу. Анын үй-бүлөсү сууну күн сайын бир канча чакырым жерден ташып келип ичишет. Кээде эки, үч күндөп суу чыкпай калган дагы учурлар болот.

Таза суу маселеси Баткендин башка дагы айыл, шаарларында курч турган маселелерден. Мындан сырткары ирригация тутумун жакшыртуу, социалдык объектилердин курулушу, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу өңдүү көйгөйлөр арбын. Бул маселелерди жергиликтүү тургундар өлкө башчысы менен болгон жолугушууда көтөрүштү. Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында бул көйгөйлөрдүн бардыгы камтылганын жана алар этап этабы менен ишке ашырыларын билдирди.

Маселен, таза суу көйгөйү бардык дубандарга таандык. Өлкө аймагы боюнча 1813 айыл болсо, анын 654ү ичүүчү сууга муктаж. Айрыкча Жалал-Абад менен Баткен облусунда маселе курч турат. Аймактарды өнүктүрүү жарлыгында 2023-жылга чейин Кыргызстандын ар бир айылын таза суу менен камсыз кылуу тапшырмасы коюлган.

Долбоордун алкагында Баткен шаарын таза суу менен толук камсыздоо боюнча иштер кызуу жүрүп жатат.

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында 2017-2026-жылдарга ирригация тармагынын натыйжалуулугун арттыруу жана модернизациялоо милдети коюлган. Бул долбоорду ишке ашыруу менен жаңы сугат, айдоо жерлерин ишке киргизип, өз кезегинде дыйкандарга колдоо көрсөтүү максат болууда.

Аймактарда социалдык мекемелер мектеп, бала бакчалардын курулушу да көп көтөрүлгөн маселелерден болууда. Өлкө башчысынын Баткен облусуна болгон иш сапарында жергиликтүу калктын бул багыттагы суроолоруна министрлер да өз жоопторун беришти.

Ошондой эле, жарлыкта аймактарда чакан жана орто ишкерликке колдоо көрсөтүү, айыл чарба азыктарын экспорттоого шарт түзүү, транспорттук кызмат көрсөтүү системасын жакшыртуу, жергиликтүү маанидеги автожолдорду реконструкциялоо жана оңдоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү маселелери негизги тапшырмалардан. Буга чейин өкмөт аймактарды өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүп, тиешелүү иш-чаралардын планын бекитти. Алдыдагы негизги максат- ар бир белгиленген тапшырма, милдеттерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарууга басым жасалмакчы.