Жаңылыктар
Баш калаада күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды
Спорт
Баш калаада күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды

Бүгүн баш калаадагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды. Ага 18 өлкөнүн балбандары келди. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ордо калаага Ооганстан, Бахрейн, Кытай, Индия, Иран, Ирак, Япония, Иордания, Казакстан, Түндүк Корея, Түштүк Корея, Монголия, Палестина, Катар, Тайбэй, Таиланд, Түркмөнстан жана Өзбекстандын спортчулары күч сынашканы келди.

Маалым кыла кетсек, күрөш боюнча Азия чемпиондугу 27-февралдан 4-мартка чейинки күндөрү өткөрүлөт. Кыргызстандын атынан медалдар үчүн 25 спортчу таймашат. Аталган мелдеште жалпы 30 медалдар топтому ойнотулат. Баардык оюндарды КТРК СПОРТ каналы түз алып көрсөтөт.