Жаңылыктар
Эки миң сомдук банкнот 2018-жылдын мыкты банкноту аталды
Экономика
Эки миң сомдук банкнот 2018-жылдын мыкты банкноту аталды

Улуттук банк тарабынан чыгарылган 2000 сом Борбордук жана Чыгыш Европа, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн ичинде өткөрүлгөн сынакта жеңүүчү деп аталды. 

Бул сынак "2018-жылдын аймактык эң мыкты банкноту" деген аталышта өткөн. Ага Россиянын 2 жүз жана 2 миң рубли, Армениянын 500 драмы, Польшанын 500 злотыйы, ошондой эле Грузиянын 5 лари номиналындагы банкноту чыгарылган. 

Мында маданий мурастын, жалпы дизайндын жана чыгарган өлкөнүн өзгөчө белгилеринин чагылдырылышына көңүл бурулган. 

Эскерте кетсек, 2 миң сомдук былтыр ноябрда жүгүртүүгө чыгып, өлкө тарыхындагы бир катар маанилүү окуяларга, тагыраак айтканда, Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына, Улуттук банктын түптөлүшүнүн жана улуттук валютанын жүгүртүүгө чыгарылышынын алдыда күтүлүп жаткан 25 жылдык мааракелерине арналып чыгарылган.