Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарына 100 миңден ашуун гүлдөр эгилет
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарына 100 миңден ашуун гүлдөр эгилет

Жалал-Абад шаарына быйылкы жылда 100 миңден ашуун 8 түрдүү гүлдөр эгилет. Учурда көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасында атайын күнөсканада уруктар себилип, аларды өндүрүү иштери жүрүүдө. Апрель айынан тарта борбордук аянттарга жана коомдук жайларга олтургузулат.

Көрктөндүрүү кызматында эмгектенген Жумакадыр Каримбаевдин айтымында, учурда күнөсканага гүлдөрдүн уруктары себилип, аны өстүрүү аракети көрүлүүдө.

«Күнөскананын ичиндеги жылуулукту бир калыпта сактап, гүл өндүрүп жатабыз. Быйыл өткөн жылга салыштырмалуу калаага эгилүүчү гүлдөрдүн саны 50%га көп. 2017-жылы тийиштүү жайларга отургузулган конный, петуния, вербена, георгин, жалпы 8 түрдүү гүлдөрдөн 60 миңге жакын түбү эгилген болсо, бул жылы анын саны 100 миңден ашты. Ал эми роза гүлдөрдөн 5 миң түп отургузууну пландап жатабыз. Бирок кызматкерлердин жетишсиздиги көйгөй жаратат, себеби көрктөндүрүү кызматында 35 гана адам эмгектенет», - дейт ал.