Жаңылыктар
Ош шаардык прокуратурасы декларацияны тапшырууга 1 айлык мөөнөт калганын эскертет
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаардык прокуратурасы декларацияны тапшырууга 1 айлык мөөнөт калганын эскертет

Ош шаарынын прокуратурасы декларацияны тапшырууга 1 айлык мөөнөт калганын, андан кечиккендерге чара көрүлө турганын эскертет.

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө» мыйзамдын талаптарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 2017-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрга чейинки убакытта өздөрүнө жана жакын туугандарына таандык кирешелер, чыгымдар, мүлк жана милдеттенмелер жөнүндө маалыматтарды камтыган декларацияны 2018-жылдын 1-апрелинен кечиктирбей жашаган жери боюнча салык кызматынын органына тапшыруусу зарыл. Бүгүнкү күндө салык кызматынын органдары тарабынан массалык түрдө түшүндүрүү иштери улантылып жатат.

Декларацияны белгиленген мөөнөттө бербеген, толук эмес же анык эмес маалыматтарды көрсөтүү менен тапшырган кызматкерлерге карата прокуратура органдары тарабынан администрациялык өндүрүш козголуп, 10 миң сомго чейин айып салынат.