Жаңылыктар
Акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт чыкты
Өзгөчө кырдаал
Акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт чыкты

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 7 бөлүм жөнөтүлгөнүн бүгүн, 27-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Бишкектеги Ленин районунун Турусбеков көчөсүндө жайгашкан «Асказан» кафесинин ашканасында өрт чыкты. Адамдар жаракат алган эмес. Өрт учурунда эмеректер, идиш-аяк күйгөн.

Электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу өрткө себеп болду.