Жаңылыктар
Кадамжайда тоноочулук кылмышка шектелген жигиттер кармалды
Кылмыш
Кадамжайда тоноочулук кылмышка шектелген жигиттер кармалды

Кадамжайда тоноочулук кылмышка шектелген жигиттер кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-февраль күнү саат 21:50 чамаларында Кадамжай шаарынын 19 жаштагы тургуну С.Ж.ны жашы 25-30 чамасындагы, мас абалдагы 2 жигит себепсиз уруп, 5500 сомдук «Нокиа-206» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, качып кетишкен.

Кадамжай РИИБдин кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-аракеттеринин негизинде кылмышка шектелип, Кадамжай районунун Халмион айылынын тургундары — 19 жаштагы У.Б. менен 20 жаштагы Ж.Б. кармалды. Аталган факты боюнча кылмыш иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.