Жаңылыктар
Жалал-Абад: жакында ЕАЭБдин талабына жооп бере турган мал союучу жай ишке кирет
Экономика
Жалал-Абад: жакында ЕАЭБдин талабына жооп бере турган мал союучу жай ишке кирет

Март айынан тартып Жалал-Абад шаарында ЕАЭБдин талабына жооп бере турган шарттагы мал союучу жай иштеп баштайт. Курулушу аяктап калган жайга 40 тонна эт сактай турган муздаткыч да коюлат. Касапкананын ачылышы менен жыйырмага жакын жумушчу орун пайда болот. Бул мал союулуучу жай мамлекет тарабынан берилген аз пайыздуу насыянын колдоосу менен курулууда.

Заманбап мал союула турган касапкананы Жалал-Абад шаарынын тургуну Нурсултан Абдыкасымов курууда. Бул жайдын курулушу өткөн жылдын август айында башталган. Курулуштун сметалык баасы 20 миллион сомдон ашат.

Касапкана заманбап ЕАЭБ талабына эле эмес, эл аралык үлгүгө жооп берет. Кызматкерлер санитардык эрежелерди так сакташ үчүн бардык шарттар менен камсыз болот. Касапкана 40 тонналык муздаткычы менен курулууда. Күнүнө бул жайда 50 баш ири мал, 150 майда жандыкты союп даярдоого болот. Мал союу үчүн автоматташтырлаган технология иштеп турат.

Мал союулуучу жайдын курулушу март айынын соңунда бүткөрүлүп, ишке берилери мерчемделүүдө. Касапкана ишке кирсе 20га жакын жумушчу орун пайда болот. Дал ушундай заманбап касапканын дагы бири Ала-Бука районунда курулуп жатат.