Жаңылыктар
Ош облусунда жазгы талаа жумуштары башталды
Айыл чарба
Ош облусунда жазгы талаа жумуштары башталды

Ош облусунун Араван районунда жазгы талаа жумуштары башталды. Азыр дыйкандар картошка менен капустаны эгип жатышат. Чилде чыгып, жер карара баштагандан тартып, Аравандык дыйкандар жазгы талаа иштерине киришет. 

Айтымдарында, республикадагы аба ырайына байланыштуу быйыл жазгы талаа иштери жылдагыдан 2 аптага эрте башталды. Төбө-Коргондун Чертик айылы- Аравандын эң күнөстүү аймагы гана эмес, байыркы картөшкөнүн да мекени катары таанылган. 

Жазгы иштерди ыкчамдатуунун дагы бир амалы- ашар ыкмасын пайдалануу. Айылдаштар, кезек-кезеги менен, жери, үрөнү даяр болгон кошунанын ишине жардамга келет. Айтымдарында мындай ыкма, убакытты үнөмдөө менен, жалгыз бой адамдарга да колдоо болуп берет.

Картөшкө менен катар капуста да отургузулуп жатат. Капустанын эрте бышчу бул сорту апрелден тартып, түшүм берет. Май айынан тартып, ушул эле жерге пахта көчөтү отургузулат. Аравандык дыйкандар жыл сайын пахта эгүүнү да унутка калтырбайт. Ак алтынга болгон баанын жыл санап кымбатташы менен катар аймактагы ири пахта тазалоочу завод өткөн жылы толугу меен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Өндүрүлгөн ак буланын туруктуу кардарлары - Орусия, Түркия мамлекеттери.