Жаңылыктар
Санариптик өзгөрүүгө карай
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптик өзгөрүүгө карай

Товарларга, кызмат көрсөтүү, мүлк менен электрондук соода жүгүртүүгө санариптик көзөмөлдөөнү өркүндөтүү, товарларды ээн-эркин сатууга санариптик транспорттук коридорлорду түзүү. Мындай демилгелер санариптик экономиканы түзүү шартында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн биринчи баскычында камтылган. Бул маселе ЕАЭБ алкагында “Таза Коом” долбоорун айкалыштыра өнүктүрүү маселесин камтыган отурумда талкууга алынды. Учурда уюмга мүчө мамлекеттердин ар бири өзүнүн жеке санариптик программасын ишке ашырып жатат. ЕАЭБге мүчө мамлекеттер дүйнө өлкөлөрү сыяктуу эле бир жылдан бери заманбап технология же санариптик өзгөрүүгө карай бет алууну, бул багыттагы демилгелерди терең талдап келет. Уюмдун ар бир жыйынынын күн тартибинде санариптик технологиялар талкууда. Себеби санариптик өзгөрүү жеке эле мамлекеттердеги эмес жалпы уюм ичиндеги экономикалык көрсөткүчтөрдү ыкчам жогорулатууга шарт түзөт. 

Бул багытта Кыргызстан “Таза Коом” программасын жигердүү жүзөгө ашырууда. Учурда “Таза Коом” долбоорунда камтылган иш аракеттердин айрымдары иштеп жатат. Маселен өлкө боюнча өзгөчө аймактарда 363 маалыматтык күркөлөр ачылып, жарандар мамлекеттик кызматты электрондук түрдө алууда. Буга чейин алар район жана облус борборуна чейин барып убара тартып келген болсо, эми жарандар паспорт, туулгандыгы тууралуу, никеге туруу күбөлүгүн алуу жана башка мамлекеттик кызматтарды жеринде алууда. Мамлекеттик каттоо кызматы 90 миңге жакын мамлекеттик кызмат көрсөтүлгөнүн билдирет. Жакынкы келечекте коммуналдык кызматтарды төлөөнү жеңилдете турган кызмат да көрсөтүлөт. Бул шарт “Таза Коом” программасынын алкагында “гибриддик почта” долбоору аркылуу ишке ашат. 

Коммуналдык кызматтарга келип жаткан төгүм кагаздары мындан ары бир эле эсеп менен келет. Ошондо жарандар коммуналдык кызматтарга акыны убара болбостон барын бир эле төлөйт. Учурда долбоор Бишкек шаарынын айрым кичи райондорунда сыноо иретинде колдонулуп жатат. Жыйындын катышуучулары “Акылдуу шаар” долбоорун да талкуулады. Жакында Бишкек менен Ош шаарынын 70ке жакын көчөлөрүнүн кесилишине видеокөзөмөл камералары орнотулат. Эксперттердин пикиринде “Акылдуу шаар” ишке ашырылса жарандардын коопсуздугу камсыздалат, кылмыштардын бетин ачууга оңой болуп, мамлекеттик органдардын ачык иш алып баруусуна мүмкүн болот.