Жаңылыктар
Алгачкы кыргыз мюзикли "Дарак ыры" тасмасы 28-февралда тар чөйрөгө жабык көрсөтүлөт
Маданият
Алгачкы кыргыз мюзикли "Дарак ыры" тасмасы 28-февралда тар чөйрөгө жабык көрсөтүлөт

Учурда тарыхый кино-дастандагы аткарылган ырлар интернет айдыңында кызуу талкуу жаратып, тасманын жаратуучулары элден жылуу пикирлерди угууда. Эскерте кетсек, тасманын саундтрегин "Город 312" тобунун ырчысы Светлана Назаренко жана Жылдыз Осмоналиева аткарган. Светлана Назаренко "Ала Тоо 24" каналына мюзиклдин музыкалык бөлүгү тууралуу маек куруп берди.

Кыргыздын алгачкы мюзиклинин саундтрегин “Город 312” тобунун ырчысы Светлана Назаренко менен Жылдыз Осмоналиева ырдаган. XVIII кылымда болгон окуяларды акын Бактыгүл Чотурова ирети менен ыргактап ыр саптарына түшүргөн. Светлана Назаренко биздин каналга келип, “Социум” программасында тарыхый кино-дастандын музыкалык бөлүгү жөнүндө маек курду. Ал тасмада колдонулган ырлардын сөзү терең маанилүү экендигин белгилеп, кайрыктары кыргыз элинин мүнөзүндөй дейт. Тасма үчүн жалпы 17 ыр жазылса, анын 12си кино-дастанга киргизилген. 

Ар бир ыр тасманын тарыхын баяндап, каармандардын мүнөзүн гана эмес, ошол замандын турмушун сүрөттөйт. Тасманы Central Asia Film Орусиянын Cinetrain компаниясы менен биргеликте тарткан. Фильм орус киночуларынын да көңүлүн буруп турат. Жарыкка чыга электе эле беш эл аралык кино фестивалдарда катышууда. Болгондо да, фестивалдардын уюштуруучуларынын сунушу менен жиберилген. “Дарак ыры” тарыхый кино-дастаны 28-февраль күнү тар чөйрөгө жабык көрсөтүлөт. Ал эми жалпы элге 1-мартта сунушталат.