Жаңылыктар
Кездемелер текшерилип баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Кездемелер текшерилип баштады

Кыргызстандын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти өлкөдөгү текстиль саткан базарлар менен дүкөндөрдү текшерип баштады. Буга Казакстанда Кыргызстандан өндүрүлгөн кийимдерде уулуу зат табылганы тууралуу маалымат себеп 100 гө жакын алынган кездеме жана балдар кийимдеринин сапатынын жыйынтыгы эми бир апта аралыгында дайын болот. Карагандада сатылып жаткан Кыргызстандан келген кийимдерден зыядуу формальдегид чыкты деген маалыматты казак тарап расмий түрдө тастыктай элек. Ага карабай саниэпиддик көзөмөл кызматы Бишкектеги кийим- кечек жана кездеме саткан базарларды текшере баштады.

Кыргызстанда текстиль менен кийимдин сапатын текшерүү иши 3 айда бирде кайталанып турат. Былтыркы жылдын эсебинен өлкөдө тигилген балдар менен чоң адамдардын кийимдерине жүзгө чукул иликтөө жүргүзүлгөн учурда, зыяндуу заттар белгиленген өлчөмдөн ашкан эмес. Асымжан Азат 12 жылдан бери Кытайдан кездеме алып келип соода- сатык кылат. 

Ай сайын 10 тоннадан ашык кездемени Кыргызстанга киргизген учурда бажы төлөмдөрүнөн баштап, ар кандай тиешелүү документтеринин баарын дайындап, текшерүүдөн өткөрүп турат. Кыргызстандагы тигүү цехтеринин басымдуусу кездемени дал ушул Мадина базарынан алат. Бул жерде сатылган кездемелердин 90 пайызы Кытайдан келсе, калганы Түркиядан, Кореядан жана Өзбекстандан келет. Кездеме базарынын иштегенине 20 жылга чукулдап калса дагы, ушул кезге чейин бир да жолу уулуу заттар бар деген даттануу катталган эмес.