Жаңылыктар
Борбор калаада кыргыз-британ бизнес форуму өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада кыргыз-британ бизнес форуму өтүүдө

Бишкекте экинчи ирээт кыргыз-британ бизнес форуму уюштурулду. Иш чаранын негизги максаты эки өлкө ортосунда соода алмашуунун көлөмүн жогорулатуу. Бул жаатта форумга Улуу Британиядан ири компаниялардын өкүлдөрү келишкен. Алар Кыргызстандын ишкерлер чөйрөсү менен тажрыйба алмашып, билим берүү, укук, бизнестин бардык түрлөрү боюнча кызматташууга даяр. 

Экономикалык эксперттер Кыргызстан – ачык саясий системалуу, демократиялуу жана парламенттик багыттагы чакан болгону менен британиядан көп нерселерди үйрөнүүгө болорун айтышат. Ага ылайык, Улуу Британия мамлекеттик башкаруу жана бизнес жүргүзүү жаатында чоң тажрыйбага ээ. Кыргызстан бул өлкөдөн инвестиция тартып келүүгө канчалык денгээлде кызыктар? Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"