Жаңылыктар
Диний окуу жайлар текшерилүүдө
Дин
Диний окуу жайлар текшерилүүдө

Таласта диний окуу жайлар тыкыр текшерилип жатат. Ал өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу менен ишке ашууда. ага ылайык, диний-окуу жайлардын имараттарындагы санитардык абал, коопсуздук эрежелери, окуп жаткан программалардын мыйзамдуулугу, окуу куралдары, окуу жайга тиешелүү укуктук-мыйзамдык документтер, каттоо күбөлүгү текшерүүдөн өтүүдө.

Облустагы тиешелүү 12 мекеменин өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия алгач текшерүүнү мына бул белгилүү медреседен баштады. Атайын түзүлгөн комиссия Талас шаары жана облустун райондорундагы башка диний окуу жайларды да текшерүүгө алды. Буга катарлаш жекшемби же ишемби күндөрү диний окууларды жүргүзгөн сыйынуу үйлөрү да текшерилди.

Белгилей кетсек, Таластагы диний-окуу жайларды ар тараптуу тыкыр текшерүүнүн максаты - мектеп курагындагы өспүрүмдөрдүн диний сабат алуусун көзөмөлдөө жана аларга билим берип жаткан окуу жайлардын уруксаты бар экендигин аныктоо. Учурда облус боюнча жалпы 5 диний окуу жайы бар.