Жаңылыктар
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган инсандар
Маданият
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыган инсандар

Премьер-министр Сапар Исаков маданият, искусство адабият, архитектура жаатындагы ишмерлерге Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын тапшырды. Бул сыйлык Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байытууга жана жакындаштырууга салым кошкон, эстетикалык жана тарбиялык таасири күчтүү, ошондой эле коомго кеңири таанылган мыкты чыгармалар үчүн эки жылда бир жолу ыйгарылат.


Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы бул ирет Кыргызстанды чыгармачылыгы аркылуу дүйнө жүзүнө даңазалаган белгилүү маданият жана искусство ишмерлерине тапшырылды. Өкмөт башчы сыйлык ээлерине ийгилик, бакубатчылык жана жаңы идеялардын жаралышын каалады.

Искусство жаатындагы жогорку сыйлык жети адамга ыйгарылды. Алардын арасынан акын Каныбек Жунушевдун “Күн чубак” ырлар жыйнагы, сүрөтчү Талант Огобаевдин “Космос любви” картинасы жогорку баага татыган. Калган беш чыгармачыл адам “Курманжан датка” тарыхый көркөм тасмасы аркылуу татыгандар. Актриса Назира Мамбетованын Курманжан датканын ролун мыкты аткарганы бааланды.