Жаңылыктар
Жаңы вице-спикер шайланды
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы вице-спикер шайланды

Алтынай Өмүрбекова Жогорку Кеңештин вице-спикерлигине шайланды. "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекованын талапкерлигин 72 депутат колдоду.

 Экинчи талапкер, “Бир Бол” фракциясынын мүчөсү Чолпон Жакуповага 41 парламентарий добуш берген. Добуш берүү жашыруун түрдө жүргүзүлдү. 

Эске салсак, февраль айынын башында парламенттин вице-спикери Бакыт Есенбаева өзүнүн депутаттык мандатын тапшырган. Жогорку Кеңештин жаңы түзүмүндө эки вице-спикер бар. Анын бири көпчүлүк коалициядан, бири оппозициядан шайланат.