Жаңылыктар
90-жылдарда Өзбекстан Кыргызстанга келген туристтердин агымы боюнча экинчи орунда турчу
Туризм
90-жылдарда Өзбекстан Кыргызстанга келген туристтердин агымы боюнча экинчи орунда турчу

Акыркы эки жылдан бери туристтик мезгил май айында башталууда. Ага чейин туризм тармагындагы биздин адистер бардык жагдайларды иштеп чыгып, Кыргызстандын башка өлкөлөрдөн өзгөчөлүгүн белгилеши керек. Жылдан жылга туристтердин агымы көбөйүп, буга чейин келе элек өлкөлөрдөн да агылган саякатчылардын саны өстү. Мындан сырткары коңшу мамлекеттер менен да болгон мамилелер жанданууда.

90-жылдарда Өзбекстан Кыргызстанга келген туристтердин агымы боюнча экинчи орунда турчу. Кийин бул абал солгундап кеткен. Эми мамлекет башчыларынын деңгээлинде экономикалык, маданий, гуманитардык байланыштар гана эмес, туризм чөйрөсүндөгү кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жанданып баштады.