Жаңылыктар
Пневмококк инфекциясына каршы балдарды эмдөө жүргүзүлөт
Ден соолук
Пневмококк инфекциясына каршы балдарды эмдөө жүргүзүлөт

Ушул жылдын 22 - мартынан таптып пневмококк инфекциясына каршы балдарды эмдөө башталат. Ата - энелердин, 2 , 5 айлык жана 1 жаштагы балдарын милдеттүү түрдөө эмдетүүгө ден соолук сакчылары чакырат. 

Себеби буга чейин диний көз карашка төп келбейт деген жүйөө менен жарандар балдарын эмдетпеген учурлар катталган. Пневмококк инфекциясына каршы эмдөө Кыргызстанда алгачкы ирет жүргүзүлмөкчү. Ага “ПКВ 13” вакцинасы колдонулат. Ал эл аралык стандарттардын талаптарына жооп берген вакцина жана наристелердин саламаттыгына зыяны тийбейт деп ишендирет дарыгерлер. Эмдөө - алдын ала эмдөө календарына киргендиктен акысыз жүргүзүлөт. 

Белгилей кетсек, пневмококк инфекциясына каршы же башкача айтканда өпкөнүн сезгениши ооруларына каршы вакцина дүйнөнүн 90 мамлекетинде колдонулуп, ПКВ 13 вакцинасы пневмококктун 13 түрүнөн коргойт.