Жаңылыктар
Кыргызстандын төө буурчагын Иран мамлекети сатып алууга кызыкдар
Экономика
Кыргызстандын төө буурчагын Иран мамлекети сатып алууга кызыкдар

Кыргызстандын төө буурчагын Иран мамлекети сатып алууга кызыгууда. Бул тууралуу Иран элчиси Али Моджтаба Рузбехани Экономика министри Артем Новиков менен жолугушуусунда билдирди. 

Анда элчи эки өлкө ортосундагы соода кызматташтыкты жогорулатуу, Кыргызстан менен Иранда өндүрүлгөн товарлар тууралуу маалымат алмашуу жана өз ара соода жүгүртүүнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Кыргызстан болсо Иран менен кызматташууга даяр.