Жаңылыктар
Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды
Экономика
Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун экинчи этабы башталды

Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясынын экинчи этабын баштады. 1-апрелге чейин жеке жактар былтыркы жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына маалымат берүүлөрү керек.

Эскерте кетсек, 28-февралда юридикалык жактар үчүн декларациялык кампаниянын биринчи этабы аяктадган. Анын жыйынтыгында алдын ала маалымат боюнча 70 миңден ашык юридикалык жактар бирдиктүү салык декларациясын тапшырышты.