Жаңылыктар
Түштүк Корея Кыргызстандын 116 жаранына иш берет
Кыргызстан жаңылыктары
Түштүк Корея Кыргызстандын 116 жаранына иш берет

Түштүк Корея Кыргызстандын 116 адамына иш берет. Буга байланыштуу эмгек келишими келди. Аны Миграция кызматынан маалымдашты. Бул өткөн жылдарга салыштырмалуу 30-40 келишимге көп. Ушу тапта Кореяга жумушка баруучулардын тилди билүү деңгээлин аныктаган тест алына баштады. 

Кыргыз жарандарын Түштүк Кореяда жумушка орноштуруу боюнча атайын программа мындан он жыл мурун башталган. Анын негизинде жыл сайын Түштүк Кореяга Кыргызстандан 350 адам кетет. Расмий маалымат боюнча Кореяда 3,5 миңден ашуун кыргызстандык жаран бар.