Жаңылыктар
8-март майрамына карата кыргызстандыктар 4 күн эс алышат
Кыргызстан жаңылыктары
 8-март майрамына карата кыргызстандыктар 4 күн эс алышат

2018-жылдын 8,9,10 жана 11-марты эс алуу күнү. Тийиштүү токтомго Премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Токтомго ылайык, беш күндүк тартип менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2018-жылдын 3-мартындагы дем алыш күнү 9-мартындагы иш күнүнө которулат. 

Бул жеке менчик формасында иш алып барган юридикалык жактардын жетекчилерине пайдаланууга сунушталат. Кол коюлган токтомго ылайык, 28-апрелдеги дем алыш күнү 30-апрелдеги иш күнүнө, 7-майдагы дем алыш 3-сентябрга, 3-ноябрындагы дем алыш күнү 9-ноябрдагы иш күнүнө которулат.